Түрк аба жолдору Гавана жана Каракаска каттамдарын баштайт

Гавана менен Каракаска каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.

613321
Түрк аба жолдору Гавана жана Каракаска каттамдарын баштайт

Түрк аба жолдору Кубанын борбор шаары Гавана жана Венесуэланын борбору Каракаска бүгүн каттамдарын баштайт.

Америка материгинде Буэнос-Айрес, Сан-Паулу, Богота, Панама, Торонто, Монреаль, Чикаго, Хьюстон, Лос-Анжелес, Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон, Сан-Франциско, Майами жана Атлантадан кийин Гавана менен Каракаска каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү жумасына үч жолу эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.

Стамбулдан Гавана жана Каракаска барып-келүүнүн акысы бардык салыктар менен бирге 699 доллардан башталат.



Тектеш кабарлар