Түркиянын эң чоң маселеси өзүн туура түшүндүрө албоосу...

Президент Эрдоган Стамбулдагы Тузла-Седеф кеме куруучу жайындагы кеме узатуу аземинде сөз сүйлөдү.

609960
Түркиянын эң чоң маселеси өзүн туура түшүндүрө албоосу...

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын эң чоң маселесинин өзүн туура түшүндүрө албоо болгонун айтты.

«Мунун башкы себеби Түркия ээ болгон окшошу болбогон өзгөчөлүктөр»,-деп айткан Эрдоган: «Дүйнөдө кайсы өлкөдө ушунча көп маселе менен ушундай чоң экономикалык күч бир убакта болушу мүмкүн, чындыгында муну анча билбеймин»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Тузла-Седеф кеме куруучу жайындагы кеме узатуу аземинде, «Террор уюмдарынын кыймылдары, жалгыз эле кыймыл болгон жерде, дароо таасирин сездирет. Андан тышкары кайгыбызды, ызабызды арттырат, бирок ишибизге эч качан таасир тийгизбейт»,-деп айтып, «Түркия, өзүнө ишенген, инвестициясын салган эч кимди жаман абалда калтырган жок, калтырбайт. Эл аралык инвесторлордун маанилүү бөлүмү, бул чындыкты көргөндөрү үчүн өлкөбүзгө жасаган инвестицияларын эми улантууда. Ишкерлерге айтамын инвестицияларыңыздарды кечеңдетпеңиздер, кечигип калсаңыздар өкүнүп каласыздар. Келгиле инвестицияларыңыздарды ылдамдаткыла»,-деп кайрылды.

Тузла-Седеф кеме куруучу жайында курулуп бүткөн 4 кемеден экөөнүн Индонезияда, бирөөнүн Ганада, бирөөнүн Мьянмада электр энергиясын өндүрүп, бул өлкөнүн энергетика муктаждыктарын камсыздоого салым кошо турганын белгилеген президент Эрдоган, айрыкча Босфордун кысыгынын астынан өтүүчү Евразия тоннелинин ачылышынын 20-декабрда жасала турганынын сүйүнчүсүн берди. Кош кабаттуу тоннелде автомобилдердин эми Азиядан Европага, Европадан Азияга өтө турганын айткан Эрдоган, дүйнөнүн эң чоңу боло турган аэропорттун алгачкы этабынын да 2018-жылдын биринчи чейрегинде ачыла турганын белгиледи.

Эрдоган дагы, ылдам жүрүүчү поезд станциялары жана шаардык ооруканалар болгонун, 29 стадион долбоору орун алганын баса белгилеп, орто эсеп менен 6,5 миллион имараттын кулатылып кайрадан салынышын максаттаган шаарга айлануу долбоорлору бар экенин айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да Тузла-Седеф кеме куруучу жайындагы кеме узатуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүн кайталады.

«Наныбызды бөлүшөбүз бирок өлкөнү бөлдүрбөйбүз»,-деп айткан Йылдырым, террор менен күрөшүүнү тынымсыз уланта турганадарын баса белгиледи.

2016-жылда деңиз жолу менен ташылган унаа санынын маанилүү өлчөмдө өсүп 330 миңге жеткенин белгилеген Өкмөт башчы, «Учурда Түркия, 185 миң кеме кыматкерин да жетилтти. Жетилген кеме кызматкери жагынан алганда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнөн озуп өттүк, Кытайдан кийин турабыз»,-деди.

Сөз сүйлөөлөрүнөн кийин түрк чыгарылышы сүзүп жүрүүчү энергетика кемелери Гана, Мьянмар жана Индонезияга азем менен узатылды.

Түрк инженер жана кызматкерлердин өз чыгаруусу болгон 4 энергетика кемеси өзгөчөлүктөрү менен жактырууну топтоодо. 480 мегаваттык кубаттуулугу менен 300 метр узундуктагы кемелер, дүйнөнүн эң чоң энергетика кемеси өзгөчөлүгүн көрсөтүүдө.

Аземде келээрки жылда бүтүрүлүшү пландалган 14 жаңы энергетика кемесинин жасалышы да башталды.



Тектеш кабарлар