Европа Кеңешинин башкы секретары Түркияда жолугушууларды өткөрдү

Европа Кеңешинин башкы секретары Торбьерн Ягланд Түркияда биринчи болуп юстиция министри Бекир Боздаг менен жолугушту

608724
Европа Кеңешинин башкы секретары Түркияда жолугушууларды өткөрдү

Борбор шаар Анкарада кечээ биринчи болуп юстиция министри Бекир Боздаг менен сүйлөшкөн Ягландды андан кийин Чанкая сарайында премьер – министр Бинали Йылдырым кабыл алды. Кабыл алууга тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да катышты.  Премьер – министр Йылдырым Ягландга Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылына карата тилектештигинен улам рахмат айтты.

Йылдырым бул орчундуу мезгилде жана мындан кийин да Европа Кеңешин Түркиянын жанында көрүүнү каалашкандарын белгилеп, азыркы учурдагы кызматташтыкты арттыруу тууралуу каалоосун билдирди.

Ягланд да 15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы Түркияга болгон колдоосун кайталады. Ягланд  Түркия менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтыктын алдыбыздагы мезгилде арттыруу менен улантуусу үчүн иштешерин айтты. Андан кийин Европа Биримдиги министри Өмер Челик менен жолугушкан Ягланд президент Р. Т. Эрдоган тарабынан да кабыл алынды. 1 саат 20 минутага созулган жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.



Тектеш кабарлар