Түркиянын тышкы саясаты

Чавушоглу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын план жана бюджет комиссиясында Тышкы иштер министрилигинин 2017-жыл бюджетине байланыштуу баяндамасын жасады.

606906
Түркиянын тышкы саясаты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, өзгөчө Йезидддерди жактап жатат деген көрүнүш берилип Ирактын Синжар аймагын да Кандилге айландыруу аракетин кылган жикчил террор уюму ПККга каршы Түркиянын чара көрүүлөрүн күчөткөнүн айтты.

Чавушоглу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын план жана бюджет комиссиясында Тышкы иштер министрилигинин 2017-жыл бюджетине байланыштуу баяндамасын жасап жатканда өткөн жылкы бюджет сүйлөшүүлөрүнөн бери Түркия жана дүйнөдө маанилүү өзгөрүүлөр болгонун, булардан эң маанилүүсүнүн болсо Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети болгонун айтты.

ФЕТӨ менен күрөшүүнүн тышкы саясаттын алдыңкы пландарынан бири болгонун белгилеген Чавушоглу, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ФЕТӨнүн чыныгы жүзүнүн чет элдиктерге түшүндүрүлүшү темасында абдан маанилүү ролду милдеттенгенин айтып: «Министрлигибиздеги көрсөткүчтөргө караганда, ушул убакка дейре жетөө коом статусундагы 72си мектеп же билим берүү борборунан турган 79 ФЕТӨ мекемесинин жабылышын же башкаруучуларынын алмаштырылуусун камсыздадык»,-деди.

Чавушоглу ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлен менен уюмдун башка мүчөлөрүнүн кайтарылышы үчүн аракет кылып жаткандарын айтып: «Айрым ФЕТӨ мүчөлөрү ар башка өлкөлөрдөн өлкөбүзгө кайтарылып берилди. Булардын ысымдарын жана кайтарып алган кишилердин ысымдарын, ал өлкөлөрдүн суранычы боюнча бардыгын жарыялаган жерибиз жок, бирок айрымдарын өзүңүздөр билгендей жарыяладык. Пенсилваниядагы уюмдун лидеринин кайтарылышы үчүн да Адилет министрлигибиз менен бирге аракеттерибиз уланууда. Тийиштүү документтерди АКШ органдарына жеткирдик. Эң акырында Адилет министрибиз Вашингтонго барды. Убактылуу кармалышы жана бизге кайтырылышы үчүн ушул убакта ФЕТӨ тууралуу эң күчтүү дело Вашингтондо бар»,-деп айтты.

Тышкы саясатка да токтолгон тышкы иштер министри Чавушоглу, Ирактын көп жылдар бою баш аламандуулукта жана өкмөттүн өз өлкөсүндө эгемендигин толук түрдө колдонбогонуна шилетеме кылып, «ДЕАШ жана ПКК баштаган террор уюмдары Иракта уя салган абалда. Бул абалга албетте кайдыгер кала албайбыз. Бул өлкөдө эркин түрдө жүргөн ПККнын жана ДЕАШтын өзгөчө өлкөбүзгө жана атуулдарыбызга карай коркунуч туудурушуна уруксат бере албайт элек.  Ушул себептен Иракка колдоо көрсөтүүдөбүз»,-деди.

Түркиянын Мосул операциясы темасында да сезимталдыктары болгонун баса белгилеген министр Чавушоглу, сөздөрүн мындай улантты: « Хашди Шаби аттуу сектант согушкерлердин Мосулга жана Телаферге кирбеши керектигин Багдад бийлигине, Түндүк Ирактагы башкарууга жана ошондой эле коалициядагы өлкөлөргө дагы түшүндүрүүдөбүз. ул болсо максатына жеткен абалда. Андан кийин бул аймактарда болушу ыктымалдуу апааттарды жана кризистерди башкаруу абдан кыйын болот. ПККнын Синжардагы катчылары Телаферге кирүү, Мосул операциясына кошулуу боюнча сөз айтууда, тынымсыз ачыктоолорду жасап жатат. Өзгөчө Йезидилерди жактоодо көрүнүшүнүн астында Синжарды да Кандилге айландырууга аракет кылган ПККга каршы да чара көргөн болобуз.  Акыркы убактарда чек арабызда белгилүү сандагы аскерибиздин, куралдуу күчтөрүбүздүн жөнөтүлүшүнүн максаттарынан бири да бул. Мындай нерселерге эч качан уруксат бербейбиз, бере албайбыз».

Чавушоглу: «Учурда 200 чакты ЙПГлыктын (Евфрат дарыясынын чыгышына) дагы эле кетпегенин билебиз жана АКШлык кесиптештерге да «убадаңарды аткаргыла, сиз бизге убада бердиңиз. Мындай кылсаңыз ишеничиңизди да жоготуп аласыз. 200 ЙПГлыкка же сөзүңдү өткөрө албайсың же болбосо кетишин каалабайсың. Мунун башка альтернативасы жок. Ансыз деле сөзүңүз өтпөгөндөн кийин мындай террордук уюм менен кызматташпагыла» деп жатабыз»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу Сирия кризиси туурасында да эң пайдалуу туруктуу чечимдин саясий чечим, саясий өтмө мезгил болгонун, бирок мунун түзүлүшү үчүн да ок атпоонун камсыздалышы керектигин айтты.

Чавушоглу Түркия жарандарына Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө визасыз режимди киргизүүгө байланыштуу, «Европа Биримдиги менен визасыз режим темасында келише албай калсак, «Артка кайтарып алуу келишимин» да токтотобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар