Түрк куралдуу күчтөрү ПКК террористтерине карай операция жүргүздү

Аймакта жүргүзүлгөн операция убагында коопсуздук күчтөрү менен террористтердин ортосунда ок атышуу болду.

606020
Түрк куралдуу күчтөрү ПКК террористтерине карай операция жүргүздү

Бингөлдүн Генч районунда жикчил террор уюму ПККга карай операцияда коопсуздук сакчысы шейит болду.

Аймакта жүргүзүлгөн операция убагында коопсуздук күчтөрү менен террористтердин ортосунда ок атышуу болду.

Анда террористтер аткан биринчи ок тийип оор жаракат алган коопсуздук сакчысы, Генч мамлекеттик ооруканасына жеткирилип, бардык аракет жумшалганына карабай шейит болду.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрүнүн Тунжелинин элет жеринде жүргүзгөн операциясында алгачкы белгилөөлөргө караганда 5 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү жикчил террор уюму ПККга карай Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында абадан кыймыл уюштурду.

Анда террор уюмуна таандык эки баш калкалоочу жай, курал жана ок-дары сактоочу жери талкаланды.



Тектеш кабарлар