Орусия Түркиянын кыйын кезеңинде чыныгы дос болгонун көрсөттү

«Россия-24» каналына маек куруп берген тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бир топ маанилүү маалыматтарды берди.

602867
Орусия Түркиянын кыйын кезеңинде чыныгы дос болгонун көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия Түркиянын кыйын кезеңинде чыныгы дос болгонун көрсөткөнүн айтты.

«Россия-24» каналына маек куруп берген Чавушоглу, Түркия-Орусия карым-катнаштары, Түркиянын тышкы саясаты, террор менен күрөшүү, Сирия кризиси жана Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетине байланыштуу маалымат берди.

Түркия жана Орусиянын Сирияда ок атпоонун тез арада камсыздалышы үчүн аракет кылганын жана бул темада сүйлөшүүлөрү уланганын белгилеген Чавушоглу, муну саясий чечим табуунун ээрчиши темасында бирдей пикирде болгондорун баса белгиледи.

Бирок Асад менен бирге чыныгы саясий өткөөл болооруна ишенбегендерин белгилеген Чавушоглу: «Биздин оюубузча оппозициянын мындан кийин Асад менен биригүүсү мүмкүн эмес, анткени 500 миңден ашуун адамды өлтүргөн режим менен бириккиси келбейт»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу өткөөл мезгилде Сирия калкынын макулдаша турган үчүнчү киши же кишилер боюнча иш жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Сирияда жөнөкөй мусулмандар менен террор уюмдарынын ажыратылышынын маанисине токтолгон Чавушоглу, Түркиянын чек араларынын террор уюму ДЕАШтан тазаланышы керектигин жана жөнөкөй оппозицияга колдоо көрсөтүү аркылуу ДЕАШтын Жераблус, Раи жана Дабыктан тазаланганын эске салды.

Террор уюму ДЕАШтын Түркия көргөн чаралар жана таштаган кадамдарынан тынчсызданганын баса белгилеген министр Чавушоглу, Түркиянын чек арасын бойлой көргөн чаралары аркылуу террор уюму ДЕАШтын негизги булагы болгон чет өлкөлүк террорист согушкер санында олуттуу азаюу камсыздалганын белгилеп өттү.

Түркиянын террор уюму менен күрөшүүсүнүн эл аралык укукка ылайык болгонуна көңүл бурган Чавушоглу, «Биздин Сирия жана Ирактын территориясын басып алуу сыяктуу оюбуз жок. Эч качан да болгон эмес. Биз тескерисинче айтканымдай алардын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин жактоодобуз. Эч качан тескериси ойлонбойт, бирок ал жактан келип чыккан террор коркунучу бар болсо, ал террорго каршы биздин да чара көрүү укугубуз бар»,-деп айтты.

Минстр Чавушоглу, Фетуллахчы террор уюму/параллел мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга колдоо көрсөткөнүнөн улам Орусияга ыраазычылыгын билдирип: «Барынан мурда Орусияга, урматтуу Путинге жана орус калкына чоң ыраазычылык билдиребиз. Чындап эле «Кыйын кезеңдерде чыныгы достун ким экени белгилүү болот» дешет жана Орусия, Түркиянын татаал күнүндө чыныгы достун ким экенин чынчыл түрдө көрсөттү»,-деди.

Орусиянын маалымат бөлүшүү менен катар бардык темада колдоо көрсөтүү сунушун кылганын белгилеген тышкы иштер министри, Түркия-Орусия карым-катнаштарынын Түркия-АКШ карым-катнаштарына альтернатива катары каралбаганын баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу: «Учурда АКШ биздин шериктешибиз жана бир топ тармакта кызматташуубуз бар. Бирок Орусия да биздин абдан жакшы досубуз, коңшубуз жана экөөнү бири-бирине альтернатива катары карабайбыз, тескерисинче толуктоочу катары карайбыз. Биз батыштыктар сыяктуу «же тиги, же бул» дебейбиз. Украина «же Орусия же Европа Биримдиги» делишине каршыбыз же башка аймактарда, биздин айланабызда орун алган өлкөлөр өз карым-катнаштарында, өзгөчө тышкы саясатта тең салмактуулукту жакшы түзүшү керек»,-деп айтты.

Түрк экономикасынын өсүүсүнүн натыйжасында жаратылыш газга талап артканына да токтолгон Чавушоглу, Түркиянын жаратылыш газ алган өлкөлөрүнүн башында Орусия турганын эске салды.

Чавушоглу Түркиянын кандайдыр бир мунай зат же газ резерви болбогонуна карабастан, энергетикада коопсуз транзит өлкө болушунун себебинен Орусиянын Европага газ экспортунда Түркия башкы ролду алганын баса белгиледи.

Түркия менен Орусиянын ортосунда 24-ноябрда чек араны бузган орус учагынын түшүрүлүшүнөн кийин болгон кризистен кийин 8 айлык мезгилде Түркиянын Орусияга каршы кандайдыр бир санкцияны ишке ашырбаганына көңүл бурган Чавушоглу, Түркиянын НАТО өлкөсү катары, Европа Биримдигинин жана батыштын Орусияга киргизген эл аралык санкцияларына да эч качан кошулбаганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар