Коргоо өнөр жайы тармагында 4 миллиард 100 миллион доллардык 26 долбоор ишке ашырылат

Бинали Йылдырым АК партиянын Түркия Улуу Улуттук Жыйындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

601511
Коргоо өнөр жайы тармагында 4 миллиард 100 миллион доллардык 26 долбоор ишке ашырылат

Премьер-министр Бинали Йылдырым коргоо өнөр жайы тармагында 4 миллиард 100 миллион доллардык 26 долбоор ишке ашырыла турганын жарыялады.

Бинали Йылдырым Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Түркияда 8 жылдан бери уланган Инвестиция кеңешүү жыйналышынын тогузунчусунун өткөн аптада өткөрүлгөнүн эске салган Өкмөт башчы, бул жыйналышка 21 глобалдык фирманын катышканын айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым, бул жыйналыштардын максатынын Түркиядагы инвестициялар жана келечектен күтүүлөрүнө баа берилиши болгонун белгилеп: «Эң маанилүү жагдай, ФЕТӨнүн «Түркияда экономика жана ырааттуулук бузулууда» деген түшүнүктү жаюуга аракет кылганына карабастан инвесторлордун буга ишенбегендерин көрдүк»,-деди.

Өзгөчө чоң фирмалардын Түркияны башкаруу базасына айландырууга чечим чыгаргандарын белгилеген Йылдырым, булардын жалпы наркынын 4 миллиард 100 миллион доллар болгонун белгиледи.

Жасалып чыгышында Түркия да орун алган F-35 учактарынын алгачкы партиясынын 2018-жылы Түркияга келе турганын жарыялаган Өкмөт башчы: «Ушундайча Түркия коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырган болот жана аймактагы ырааттуулукка салымын кошот. Бул эң заманбап учактардын жасалып чыгышында Түркия да орун алууда»,-деди.



Тектеш кабарлар