Пешмерге жардам сураганы үчүн жардам берүүдөбүз

Бинали Йылдырым:«Пешмерге ДЕАШка каршы согушта жардам сурады. Биз да ал жердеги замбиректер, танкалар менен жардам берүүдөбүз»

595417
Пешмерге жардам сураганы үчүн жардам берүүдөбүз

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Башикада түрк замбирекчилеринин пешмерге менен бирге ДЕАШ буталарын атышына байланыштуу, «Пешмерге ДЕАШка каршы согушта жардам сурады. Биз да ал жердеги замбиректер, танкалар менен жардам берүүдөбүз»,-деди.

Түркиянын башын ооруткан бардык караңгы күчтөргө каршы күрөштө чечкиндүүлүктөн эч тайсалдабастан орундата тургандарын белгилеген премьер-министр Йылдырым: «Бизди, Сирияда, Иракта тестиер баладай эсептеп жаткандар «Евфрат калканы» кыймылын карашсын, Башиканы карашсын, ал жердеги ай жылдыздуу желегибизди карашсын. Маселе, мамлекет маселеси болгондо кимдин эмне дегенинин бизге мааниси жок. Бул күрөш каалашса ичкериде, каалашса тышкарыда, биздин кызыкчылыктарыбызга каршы болуп жатса, өлкөбүз улутун, мекенин, бөлүнгүс бүтүндүгүн коркунучка салган абалдарга, ар түрдүү террордук кыймылдарга, керек болсо өлкө ичинде керек болсо өлкө тышында эч кимден уруксат же түшүндүрмө албастан күрөшүүсүн улантат»,-деди.

Партиясынын Афйонкарахисарда өткөрүлгөн 25-Кеңешүү жана баа берүү жыйналышынын жабылышында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Йылдырым, конституция жана президенттик система тууралуу эмгектерин аяктагандарын да айтты.

«Мындан кийинки ишибиз сунушубузду эң кыска убакта Улуу Улуттук жыйындын эркине сунуштоо болот»,-деди Өкмөт башчы.



Тектеш кабарлар