Үч тараптуу механизм ишке ашат

Фикри Ышык ТРТ Хабер каналына конок болду

594682
Үч тараптуу механизм ишке ашат

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык Түркия, АКШ жана Ирактын ортосундагы чыңалуунун азайтылышына карата үч тараптуу механизмдин ишке ашаарын айтты.

ТРТ Хабер каналына конок болгон Фикри Ышык АКШнын коргоо министри Картер Эштондун Түркияга сапары жөнүндө маалымат берди.

Мосулдун террордук уюм ДЕАШтан кутулушу үчүн улантылып жаткан операцияга учурда Түркиянын абадан кыймылы менен кошулушунда кандайдыр маселе жаралбаганын белгилеген Ышык: «Алдыбыздагы мезгилде муктаждыкка жараша Түркиянын дагы да көп колдоо көрсөтөөрүн ага билдирдик. Бул учурда Ирак, Түркия жана АКШнын ортосундагы чыңалуунун азайтылышына карата айрым иш-чараларды чогуу ишке ашырууну чечтик. Б.а үч тараптуу механизм менен чыңалуунун азайтылышы, Мосул кыймылына Түркиянын кошулушуна байланыштуу иштерди чогуу жүргүзөбүз»,-деди.

Фикри Ышык Мосул операциясына абадан колдоо көрсөткөн Түркиянын алдыңкы максаттарын атап өттү жана «Биздин стратегиябыз биринчи чек арабыздын коопсуздугун камсыздоо. Экинчиси ДЕАШты түп-тамыры менен жок кылуу, үчүнчүсү болсо Түркияда жашаган конокторубуздун өз жерлеринде коопсуз жашашын камсыздай турчу чараларды көрүү»,-деди.

Мосул операциясындагы жаңылыш кыймылдын жаңы көч толкунун жаратаарына көңүл бурган министр, бул көч толкуну Түркияга эмес Европага терс таасир тийгизээрин баса белгиледи.

Ирактын Мосул аймагынын террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн 17-октябрда операция баштатылган болчу.



Тектеш кабарлар