Түркиянын реактивдери Мосул операциясына кошулду

Йылдырым Түркиянын аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана ырааттуулкту камсыздоону максаттаганын баса белгиледи.

592217
Түркиянын реактивдери Мосул операциясына кошулду

Премьер-министр Бинали Йылдырым коалициялык күчтөрдүн абадан колдоосу менен башталган Мосул кыймылына түрк реактивдери да кошулганын жарыялады.

Йылдырым Башика лаегриндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова күзөтчүлөрүнүн да Мосул операциясында орун алганын белгилеп: «Түркиянын Мосулда иши жок дегендер жообун алды»,-деп айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракциялык жыйналышында сөз сүйлөгөн премьер-министр, Түркиянын Мосулда болуп өткөндөрдү жакындан байкап жаткандарын белгилеп, өкмөт катары президент Режеп Таййип Эрдогандын «операциянын ичинде болобуз, сүйлөшүү үстөлүндө да болобуз» деген сөзүн күчтүү колдогондорун айтты.

«Учурда операцияларда алдыңкы саптарда болгон биздин Башикада машыктырган согушкерлер»,-деп айткан Йылдырым: «Нинова күзөтчүлөрү операцияга кошулду. Аабадан кийлигишүүдө биздин аба күчтөрүбүз да орун алды»,-деп айтты.

Түркиянын аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана ырааттуулкту камсыздоону максаттаганын баса белгилеген өкмөт башчы Йылдырым: «Түркия өлкөбүзгө карай ар түрдүү коркунучтарга каршы керектүү чараны дароо көрөт. Эч кимдин уруксатына, түшүндүрмөсүнө муктаждыгыбыз жок. Түркия, чек араларынын коопсуздугун бардык шарттардын астында коргоону улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар