Иракта аянтта дагы сүйлөшүү үстөлүндө дагы болобуз

Эрдоган Бештепе маданият жана конгресс борборунда өткөрүлгөн 2016-2017  академиялык жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

592255
Иракта аянтта дагы сүйлөшүү үстөлүндө дагы болобуз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Мосул операциясында аянтта да орун алыш үчүн даярдыктарын улантканын билдирди.

Эрдоган Бештепе маданият жана конгресс борборунда өткөрүлгөн 2016-2017  академиялык жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган Мосулда түркиянын жоопкерчилиги болгонун, ал үчүн сүйлөшүү үстөлүндө да анятта да боло тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Түркияны операциянын тышында калтырыгысы келгендерге каршылык көрсөтүп, «Он миңдеген км аралыктан чыгып келесин, ал сен үчүн бир укук болот. Ал эмне экен? Багдад чакырат имиш. Андай болсо менин 350 км чек арама күн сайын коркунуч туулуп жатат. Менин бул жерде тарыхый жоопкерчилигим бар жана биз ал жерде болобуз. Аянтта да болобуз, сүйлөшүү үстөлүндө да болобуз»,-деп айтты.

Түркиянын Сириянын жана Ирактын жерлерин басып алуу оюу жок экенин баса белгилеген Эрдоган: «Бизге 780 миң чарчы км аянты болгон бул мекен жетет. Биздин жерибизге эч ким көз артпаса эле болду»,-деди.

Президент Эрдоган: «Иракта биз учурда болуп жаткан секта кагылышуусуна эч качан тарап болгубуз келбейт, бирок ал жердеги суннит арап туугандарыбызды, түркмөн туугандарыбызды да бирөөлөргө жедирип койгубуз келбейт»,-деп айтты.

Эрдоган жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын Мүнбич аймагын таштап чыга турганы туурасында АКШдан убада берилгенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар