Ирактагы операцияда боло турган эң кичинекей жаңылыштыктын чыгымы оор болот

Президенттик комплексте маалымат жыйын өткөргөн Ибрахим Калын күн тартипке сереп салды.

589188
Ирактагы операцияда боло турган эң кичинекей жаңылыштыктын чыгымы оор болот

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Ирактын Мусул шаарынын террор уюму ДЕАШтан тазаланышы максатында уюштурула турган кыймылдын Түркияны жакындан алакадар кылганын айтты.

Калын бул операцияда боло турган эң кичинекей жаңылыштыктын массалык көчүүгө жана ДЕАШ менен күрөшүүнүн үзгүлтүккө учуроосуна алып бара турганын белгилеп кетти.

Президенттик комплексте маалымат жыйын өткөргөн Ибрахим Калын күн тартипке сереп салды.

Түркиянын Ирак башкаручулугу чыгарган «Башика лагерь кризисинин» тынчтыкчыл жол менен чечилишин каалаганын айткан Калын, Анкара бийлигинин бир суннит-шиит айырмалоосун кылып жаткансып көрсөтүлүшүнө карата аракеттердин болсо кабыл алынгыс экенин билдирди.

Калын: «Ирак калкы коңшубуз болуп эсептелет, тууганыбыз. Суннити, шиити менен өткөндө болгону сыяктуу мындан кийин да аларды колдообуз уланат»,-деп айтты.

Ибрахим Калын Түркиянын Ирактагы 3 алдыңкы маселесинин, бул өлкөнүн жеринин бүтүндүгү, тынчтык, ынтымак жана өнүгүүсү менен катар бул жерде уя салган жикчил террор уюму ПКК коркунучу жана Мусулдун басылып алынышы менен жаңы өлчөмгө жеткен ДЕАШ маселеси экенин баса белгиледи.

Фетуллахчы террор уюму/параллел мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысынын АКШдан кайтарылышына байланыштуу бир суроого да жооп берген Ибрахим Калын, Вашингтон бийлигинин «далил» бер деген көөшөрүүсүнүн түрк коомдук пикиринде шек саноолорду туудурганы эскертүүсүн кылып: «15-июльдагы төңкөрүш аракетинин аркасында бул кишинин бар экенине шек жок. Маселенин олуттуулугунун АКШ тарабынан түшүнүлүшү, сезимталдыктарыбыздын олуттуулугу эске алынышы керек»,-деп айтты.

АКШ башкаруучулугунун ПКК-ПЙДга карай колдоосунун араздашуу темасы болгонун эске салган Калын, бир террор уюму (ДЕАШ) менен күрөшүүнүн башка бир террор уюму (ПКК-ПЙД) аркылуу жүргүзүлө албай турганын айтып: «Сирияда болоору болду деген нерсеге уруксат берилсе, өткөндө Иракта болгону сыяктуу жыйынтыктар чыгат»,-деп эскертти.

Президенттиктин басма сөз катчысы, Швейцарияда аптанын акырында өткөрүлө турган Сирия темалуу төрттүк саммитте (Түркия, Орусия, АКШ жана Сауд Арабия) алдыңкы пландын Халебде ок атууну токтотуунун кайрадан камсыздалышы боло турганын да маалымдады.

Түркиянын Сириядагы экинчи жана үчүнчү алдыңкы пландарынын болсо БУУнун жол башчылыгында саясий өткөөл сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан башталышы жана ДЕАШ менен күрөшүүдөн турганын баса белгилеген Калын, «Тышкы иштер министрибиз Мевлүт Чавушоглу бул саммитке ар түрдүү сунуштар менен барат»,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы, бир суроого жооп иретинде да Изариль менен эки жактуу түрдө элчилердин 10 күндүн ичинде дайындала турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар