Президент Мухаррам ооз ачуу тамагын берди

Президенттик комплекстеги ооз ачуу тамагына Алеви коом жана фонд өкүлдөрү катышты.

587583
Президент Мухаррам ооз ачуу тамагын берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Алеви коом жана фонд өкүлдөрү менен Мухаррам ооз ачуу тамагында жолукту.

Президенттик комплексинде берилген ооз ачуу тамагы уланып жатканда Эрдоган расмий твиттер эсебинен маалымат бөлүштү.

Эрдоган анда: «Мухаррам айынын улутубуз жана бүтүндөй Ислам дүйнөсү үчүн пайдалуу болушун тилеймин. Ахль аль-Байттын бардык мүчөлөрүн, атап айтканда Азирети Хүсейинди урматтоо менен таазим кылып эскеремин»,-деди.

Жабык эшик артында өткөн Мухаррам ооз ачуусуна премьер-министр Бинали Йылдырым менен катар Дин иштери боюнча төрага Мехмет Гөрмез да катышты.



Тектеш кабарлар