Эрдоган социалдык тармакта рекордго жетишти

Колдонуучулар Эрдоганды колдоду

575800
Эрдоган социалдык тармакта рекордго жетишти

Президент Режеп Тайип Эрдогандын БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөз сүйлөөсүнөн үзүндүлөр бөлүшүлгөн 4 тилдеги твитин миллиондогон адам көрдү.

Эрдоган АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн 71-сессиясында сөз сүйлөдү. «Дүйнө бештен чоң» деген сөздөрүн кайрадан күн тартипке койгон президент Эрдоган, Сириядагы кырдаал жана баш калкалоочулар темасында дүйнө жүзүнө маанилүү билдирүүлөрдү айтты.

Эрдогандын билдирүүлөрү социалдык тармакта да чоң жаңырык тапты. Колдонуучулар #ErdoganVoiceofTheOppressed (Эзилгендердин үнү) этикеткасы менен Эрдоганга болгон колдоолорун сөз кылышты.

Эрдогандын сөз сүйлөөсүнөн үзүндүлөр бөлүшүлгөн твиттердеги видеолор миллиондогон адам тарабынан көрүлдү.

Президент Эрдогандын социалдык тармактагы баракчалары боюнча жооптуу адиси Исмаил Жесур бөлүшкөн көрсөткүчтөргө караганда Эрдогандын түркчө, англисче, французча жана арабча бөлүшүлгөн билдирүүлөрүнө жалпы 13 милилон 360 миң жолу кирилди.

Эрдогандын түркчө бөлүшүлгөн 12 твити 4 миллион 780 миң жолу көрүлдү. Жалгыз гана бир твитин 1 миллиондон ашуун адам көргөн.



Тектеш кабарлар