Эркин Сирия армиясы жана Түркия

Таха Атрак террор уюмдары ДЕАШ жана ПЙДдан жалгыз гана түрк аскери менен кызматташып кутула ала тургандарын айтты.

573938
Эркин Сирия армиясы жана Түркия

Сириядагы Эркин Сирия армиясынын Халеб дивизиясынын командири Таха Атрак, террор уюмдары ДЕАШ жана ПЙДдан жалгыз гана түрк аскери менен кызматташып кутула ала тургандарын айтты.

«Евфрат калканы» кыймылы менен террор уюму ДЕАШ менен болгон күрөштө ылдам илгерилөө болгонун белгилеген Атрак: «Ушул убакка дейре бизге чыныгы колдоону көрсөткөн өлкө Түркия болду. Биз жаныбызда жалгыз гана түрк аскерин каалайбыз»,-деди.

Американын согуштук учактарынын террор уюму ДЕАШтын буталарын атканын бирок кургактыкта Американын аскерлери менен бирге согушкусу келбегендерин айткан Атрак, буларды айтты: «Учурда Чобанбейде кызматты өткөрүп алдык. Американын аскерлери биз менен бирге согушкусу келди, бирок биз кабыл алган жокпуз. ПЙДга колдоо көрсөтүп анын артынан биздин жаныбызда турушун каалабайбыз. Ушул убакка дейре бизге чыныгы колдоону көрсөткөн өлкө Түркия болду. Биз жаныбызда жалгыз гана түрк аскерин каалайбыз. АКШ биздин жаныбызда орун алып кайра ПЙДга жардам бериши бизге ишеним бербейт».

Сирия-Түркия чек арасында эч бир террор уюмун каалабагандарын да айткан командир: «Сирияда Түркияга каршы чыккан эч бир уюмду каалабайбыз. ДЕАШтан жана ПЙДдан кутула алсак, калганы биз үчүн абдан жеңил болот. ДЕАШ жана ПЙДдан жалгыз гана түрк аскерлери менен кызматташып кутула алабыз. «Евфрат калканы» кыймылы менен ДЕАШтын колунда турган жерлердин 80 пайызы тазаланды. ДЕАШ жеңилген айылдардагы элди калкан катары колдонуп жатат», деп айтты.

ДЕАШтын эң күчтүү куралынын көмүп койгон миналары экенин баса белгилеген Таха Атрак, бул миналардын түрк аскеринин колдоосу менен тазаланганын жана тазалоо иштери да уланып жктанын айтты.

Чобанбей сыяктуу ДЕАШтын колунан алынган аймактардын толук түрдө тазаланышы менен сириялыктардын Өнжүпынар чек ара капкасынан кирип үйлөрүнө кайтууларын каалагандарын билдирген Атрак, бул жердеги элдин гуманитардык жардам сыяктуу бир топ муктаждыгы болгонун кошумчалады.



Тектеш кабарлар