Столтенберг бүгүн Түркияга келет

Столтенберг кандай максат менен келе жатат?

567477
Столтенберг бүгүн Түркияга келет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, түрк өкмөтү жана элине тилектештик көрсөтүү, түрк армиясынын НАТОнун ичиндеги маансин баса белгилөө үчүн бүгүн кечинде Түркияга келет.

Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым тарабынан кабыл алынат.

Жолугушууларында Фетуллахчы террор уюму менен күрөшүү жана Сириянын түндүгүндө уланып жаткан «Евфрат» калканы кыймылы каралат.

НАТОнун башкы катчысы, 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга жасай турган бул орчундуу сапарында, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман, генштабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар жана улуттук коргоо министри Фикри Ышык менен да өз-өзүнчө жолугушмакчы.



Тектеш кабарлар