Чавушоглу Сирия маселесинин Орусиянын салымы менен чечилерин айтты

Чавушоглу Спутник маалымат агенттигине берген интервьюсунда Түркия жана Орусиянын аймакта дос эки өлкө экендигин айтты

554970
Чавушоглу Сирия маселесинин Орусиянын салымы менен чечилерин айтты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиянын салымы болбостон  Сирияда чечүүчү жолдун табылбай тургандыгын айтты. Чавушоглу Спутник маалымат агенттигине берген интервьюсунда Түркия жана Орусиянын аймакта дос эки өлкө экендигин айтты.

Орусия менен Түркия карым – катнаштарынын түзөлүүсүндө оболу : «Орусия менен карым – катнаштарыңыздарды  жакшы кармасаңыздар жакшы болот»,- деген өлкөлөрдүн калыбына келүү процессинен кийин тынчсызданышкандарын белгилеген Чавушоглу : «Тилекке каршы чын жүрөктөн айтылбагандыгы ортодо»,- деди.

Сириянын  чек ара жана жеринин бүтүндүгү тууралуу Орусия менен Ирандын Түркия менен бирдей пикирде экендигин белгилеген Мевлют Чавушоглу Москва башкаруусунун салымы болбостон бул жерде туруктуу чечүүчү жолдун табылбай тургандыгын, ал түгүл Иран менен бул тууралуу кызматташтыкты күчтөндүрүү керектигин айтты. Чавушоглу Орусия менен коргонуу өнөр жайы тармагында кызматташтыктын түзүлө аларын белгилеп, муну аткарган НАТО өлкөлөрүнүн бар экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар