Түркия менен карым-катнаштарды бардык жагынан өнүктүрөбүз

Путин, Назарбаевге да Түркия-Орусия карым-катнаштарынын оңдолушу үчүн кылган аракети үчүн ыраазычылыгын билдирди.

553018
Түркия менен карым-катнаштарды бардык жагынан өнүктүрөбүз

Орусиянын президенти Владимир Путин, биз үчүн дос болгон Түркия менен бардык тармактагы карым-катнаштарыбыздын кайрадан түзүлүшү үчүн чын жүрөктөн аракет кылгандарын айтты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Сочидеги жолугушуусунан кийин басма сөзгө ачык бөлүмүндө сөз алган Путин, президент Режеп Таййип Эрдоган менен болгон жолугушууга жана Орусия-Түркия карым-катнаштарынын нормалдашуусуна байланыштуу ачыктоолорду жасады.

Путин: «Биз үчүн дос болгон жана көп жылдардан бери окшошу болбогон кызматташтык байланышын түзгөн Түркия менен карым-катнаштарыбыздын бардык жагынан кайрадан курулушу үчүн чын жүрөктөн аракет кылуудабыз. Президент Эрдогандын Орусияга жасаган акыркы сапары, эки тараптуу карым-катнаштарыбызды жалгыз эле кайрадан жандантуу эмес, өнүктүрүү үчүн да кеңири иш жүргүзүүгө эки жактуу түрдө каалообуз болгонун көрсөттү»,-деп айтты.

Орусиянын президенти Путин, Назарбаевге да Түркия-Орусия карым-катнаштарынын оңдолушу үчүн кылган аракети үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Назарбаев да Анкара менен Москванын ортосундагы карым-катнаштардын оңолгонуна ыраазы болгонун айтты.



Тектеш кабарлар