Үчүнчү атомдук станцияны куруу Түркия Парламентинде кабыл алынды

Атомдук станция курууда желесин кеңейтүүнү максат кылган Түркия үчүнчү станция үчүн Кытай менен кызматташтык түзүүдө

550105
Үчүнчү  атомдук станцияны куруу Түркия Парламентинде кабыл алынды

Атомдук станция курууда желесин кеңейтүүнү максат кылган Түркия үчүнчү станция үчүн Кытай менен кызматташтык түзүүдө.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын июнь айынын акырында Кытайда кол койгон кызматташтык келишими Түркия Парламентинде кабыл алынды.

Ушундайча президент Р. Т. Эрдогандын 9 -  августтагы тарыхый Орусия сапарында «Аккуюу атомдук станциясы тууралуу иштердин ылдамдатылышы» багытында түзүлгөн макулдашуу жана Синоптогу станцияда Япония менен кызматташтыктан кийин Кытай менен да өнөктөштүк түзүлүүдө.

Үчүнчү станциянын курула турган жери тууралуу Игнеада боюнча токтолушкандары белгиленди.

Түркия Парламентинде кабыл алынган «Атомдук энергетиканы тынчтык максатында колдонууга байланыштуу келишим», атомдук энергетика станциялары жана иликтөө  реакторунун  аянтты иликтөө иштеринен баштап курулушунан, иштетилишине чейинки процесстерди камтууда. Станциянын модернизациясы, тест кылынышы, каралуусу да кызматташтыкка кирген темалардын арасында.

Келишим өзгөчө реактор жана күйүүчү май  менен байланыштуу технологиялардын ортоктошо өнүктүрүлүшүн да камтууда. Атомдук станция иштеринин негизинде түрк инженерлер андан мурда да Орусия менен Японияга барышкан.

Келишимдин негизинде ушуга окшогон иш Кытай менен да аткарыла алат. Инженерлер Ыраакы Чыгышка барып билим ала алышат. Ушунун алкагында коопсуздук, жайылууга бөгөт болуу, экологиялык  жана экономикалык ишмердүүлүк темалар күн тартибинде...

Ташталган кадам, атомдук станциялар тууралуу процесстерди да ылдамдатат. Президент Эрдогандын Орусия сапарында Аккуюу атомдук күч станциясында иштер кайрадан күн тартибине келди.

2010 – жылы Орусия менен Түркиянын ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында башталган Аккуюу атомдук күч станциясы проектиси үчүн 22 миллиард доллардын жумашалары күтүлүүдө. Ар бири 1200 мегават күчүндөгү 4 реактор орноштурула турган станциянын Түркиянын энергетика муктаждыгынын 10 пайызын камсыз кылуусу максат кылынууда.



Тектеш кабарлар