Эрдоган бүгүн Путин менен жолугушат

Жолугушуу Санкт-Петербург шаарында өтөт

547999
Эрдоган бүгүн Путин менен жолугушат

Президент Режеп Тайип Эрдоган 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин чет өлкөгө алгачкы сапарын бүгүн Орусияга жасайт.

Президент Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен орус учагынын атып түшүрүлүшүнөн кийин биринчи жолу жолугушат.

Эки лидер Путиндин туулган жери болгон Санкт-Петербургда кезигишет.

Президент Эрдоган менен Путин алгач саат 13.00тө жүзмө-жүз жолугушуп, андан соң делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө өтүшөт.

Ал эми саат 16.00да Эрдоган менен Путин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Жыйындан кийин түрк жана орус лидерлер эки өлкөнүн ишкерлерине кайрылышат.



Тектеш кабарлар