Эрдоган ТАСС маалымат агенттигине маек куруп берди

Эрдоган ТАСС агенттигине берген маегинде шейшемби күнү боло турган жолугушуу тууралуу ойлорун бөлүштү.

547715
Эрдоган ТАСС маалымат агенттигине маек куруп берди

Өлкө башчысы Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен эртең Санкт-Петербургда өтө турган жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамиледе жаңы барак ачыларын айтты.

Эрдоган Орусиянын ТАСС агенттигине берген маегинде шейшемби күнү боло турган жолугушуу тууралуу ойлорун бөлүшүп: «Досум Путин менен жолугушуумдан кийин мамилебизде жаңы барак ачылат», -деп билдирди.

«Тарыхый жана жаңы нерселердин башаты болгон жолугушуу болот. Өлкөлөрүбүздүн биргеликте аткара турган көп иши бар. Сирия кризисинен чыгуу жолдорун табуу бир гана Орусия менен кызматташуубуз аркылуу мүмкүн болот», -деди өз сөзүндө Президент.

 Режеп Таййип Эрдоган билдирүүсүндө «Түрк агымы» проектин баштоо үчүн Түркия керектүү кадамдарды жасоого даяр экендигин да айтып өттү.

Эрдоган Түркияга жаратылыш газын импорттогон өлкөлөр арасында эң көп үлүшкө ээ өлкө Орусия экендигин баса белгилеп: «Бул жылдын июль айынын көрсөткүчтөрү боюнча Орусиядан жалпысынан 12,5 млрд. куб метр жаратылыш газы импорттолду. Бул Түркиянын экономикалык жактан караганда абдан маанилүү өнөктөш экендигинин далили.»-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар