Эрдоган Мексика телеканалына маек куруп берди

Президент Эрдоган: «Мен элим менен сыймыктанам жана улутум үчүн бардык нерсени берүүгө даярмын»

544081
Эрдоган Мексика телеканалына маек куруп берди

Президент Режеп Тайип Эрдоган 15-июлдагы төңкөрүш аракетин Фетуллахчы террор уюмунун жасагандыгынын бардык далилдери ачык-айкын көрүнүп турганын айтты.

Мексиканын Televisa телеканалына маек куруп берген Эрдоган: «Төңкөрүш аракетин жасаган ФЕТӨ экенин билбөө үчүн сөзсүз сокур же дүлөй болуу керек»,- деди.

ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин АКШдан талап кылуу жараянына токтолгон Эрдоган: «Биз сизден террорист талап кылып жатсак, ал террористти бизге беришиңиз керек. Эгерде бизден документтерди талап кылсаңыз, анда биз терроризмге каршы күрөшө албайбыз. Бизден документ сурап жатышат. Эмненин документин беребиз. Биздин терроризм менен күрөшүүдө корото турчу убакытыбыз жок»,- деп айтты.

Эрдоган Улуттук коопсуздук стратегиялык документине да ансыз деле булардын террордук уюм экенин киргизгендерин, колдорунда да сот токтомдору бар экенин, төңкөрүш аракети болгон түнү башкы штабдын төрагасы Хулиси Акардын өзүнүн кол астындагы офицер тарабынан барымтага алынганда Гүлен менен сүйлөштүрүүгө аракет кылынганы мунун төңкөрүш аракетине аралашкан генерал тарабынан да мойнуна алынгандыгын айтты.

Түркияда Өзгөчө кырдаал жарыяланганда айрым өлкөлөрдүн эмне себептен тынчы кеткендигин түшүнбөгөнүн айткан Эрдоган: «Биз төңкөрүш аракети менен бетме-бет келдик. Эч ким бизге байланыштуу бул боюнча ташталган кадамда биз сизди колдойбуз деген жок. Ушул учурга чейин Европа кеңеши, Европа Биримдиги булардын эч бири Түркияга атайын делегацияларын жөнөткөн жок, келген жок»,- деп сереп салды.

Төңкөрүш аракетине каршы Түркиянын дүйнөлүк демократияда ушул күнгө чейин болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөндүгүн баяндаган президент Эрдоган: «Бул улут мактоого арзырлык. Бул төңкөрүш аракетине каршы искусство чебери, спортчу, кары-жаш дебестен бардыгы чогуу күрөштү. Ошондуктан мен элим менен сыймыктанам жана улутум үчүн бардык нерсени берүүгө даярмын»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар