Орусия ФЕТӨнүн БЧАга кызмат кылганында калет жок экенин билдирди

Депутат Никонов ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу «Анадолу” маалымат агенттигине маалымат берди.

542738
Орусия ФЕТӨнүн БЧАга кызмат кылганында калет жок экенин билдирди

Орусия парламентинин төмөнкү баскычы Думанын депутаты Вячеслав Никонов “Американын адамы” деп мүнөздөгөн Фетхуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Фетхуллах Гүлендин Борбордук чалгындоо агенттиги (БЧА) менен жакын мамиледе деп билдирди.

Никонов ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу «Анадолу” маалымат агенттигине берген маалыматында: “Төңкөрүш аракетинин башкы айыпталуучусу Гүлен деген пикирдемин. Учурда АКШда жашап жаткан Гүлен  бизнес тармагы, медиа, мектептер, университеттер жана коомдук уюмдарды камтыган чоң империяны башкарып турат,” – деп айтты.

Орус депутат айрыкча, “Гүлендин Түркиядагы байланыштары белгилүү боло баштады. А бирок муну менен катар Гүлендин Американын адамы экени аттын кашкасындай ачык. Анын БЧА менен жакын байланыштары бар”,-деди.

Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка иштери боюнча институтунун Түркия боюнча адиси доц.Павел Шликов:

“Мойнуна алса, таң калат болчумун. АКШ Гүленге өлкөсүндө калууга уруксат берүү менен кыйыр түрдө колдоо көрсөтүп жатат. АКШнын Инжирликти колдонууну азайтуу максатында,  Ирактын түндүгүндөгү базага басым жасаганы төңкөрүшкө кыйыр түрдө катышкандыгынын бир далили,” – деген пикирин айтты.

Журналист жана түрколог Владислав Вдовин: “Төңкөрүш аракети президент Режеп Таййип Эрдоганды калктын орчундуу бөлүгү колдой тургандыгын тастыктады,” – деп кошумчалады.

Вдовин Эрдогандын окуяларга кең перспективадан караган саясатчы жана стратегист болгондугун белгилеп, “Эрдоган төңкөрүш аракети учурунда жакшы аракет кылды. Элди көчөгө чыгууга чакырып, төңкөрүшчүлөрдүн жеңип чыгышына бөгөт койду,”- деп баа берди.



Тектеш кабарлар