Түрк элинин биримдүүлүгү

Демократия нөөмөтү 81 облуста уланып жатат

539302
Түрк элинин биримдүүлүгү

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүү үчүн шаар аянттарында чогулган эл «демократия нөөмөтүн» улантып жатат.

Митингдер президент Режеп Тайип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырымдын чакырыгы боюнча 15-июль түнүнөн бери Түркиянын 81 областында уланууда.

Стамбулда кечээ кечки убактардан тарта Таксим аянтына чогулган атуулдар, төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.

Стамбул мэриясы тарабынан курулган платформадан жарандарга президент Режеп Тайип Эрдогандын мындан мурда окуган ырлары угузулду. Колдорунда түрк желектери менен күткөн атуулдар «Түркиям» жана «Сыймыгыбыз үчүн өнөктөшпүз» аттуу ырларды коштоп, демократия нөөмөтүн улантышты.

Таксимдеги демократия нөөмөтүнө 10 райондун муниципалитет башчысы да катышты.

Анкарада да миңдеген атуул Кызылай аянтындагы демократия күзөтүн улантып жатышат.

Анкара эл өкүлдөрү, Анкаранын мэри Мелих Гөкчек, АК партиянын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Лүтфийе Селва Чам, муниципалитет башчылар менен айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да демократия нөөмөтүнө катышып, платформадан эл менен учурашты жана төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.

Демократия күзөтүндө түрк желектери менен биримдик жана ынтымактык баса белгиленди.  



Тектеш кабарлар