Президент Эрдогандын Лозанна келишимине байланыштуу билдирүүсү

Анда улуттун чечкиндүү мамилесин баса белгиледи

536554
Президент Эрдогандын  Лозанна келишимине байланыштуу билдирүүсү

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Лозанна келишиминин 93-жылдыгы боюнча билдирүү жарыялады.

Анда 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы улуттун чечкиндүү мамилесин баса белгилеген Эрдоган: «Ар башка багыттагы чыккынчылык аракеттерге каршы улутубуздун асыл жана чечкиндүү мамилеси, алдыбыздагы процессте өлкөбүздүн демократия, эркиндик жана өнүгүү жолунда илгерилей тургандыгынын эң ачык далили болуп саналат»,-деди.

Президент Эрдоган улуттук эрк жана демократия баштаган, Түркия Республикасы ээ болгон негизги принциптердин учурда абдан жакшы түшүнүлгөнүн баса белгиледи.

Эрдоган: «Азиз улутубуз, өзү тандаган өкүлдөрүнүн эркине багытталган ар түрдүү төңкөрүш аракетине каршы боштондук күрөшү руху менен, биримдик жана тилектештик ичинде жооп кайтара тургандыгын акыркы болуп өткөн окуялар менен дагы бир жолу көрсөттү»,-деп айтты.

Лозанна тынчтык келишиминин Республиканын түзүүчү документи экенин белгилеген президент Эрдоган: «Азиз улутумтун ишенич, кайраттуулук жана тайманбастыгы менен ээ болгон жеңиш, Лозанна келишими аркылуу дипломатия жана эл аралык укуктук тармакта тастыкталды. Бул келишим жаңы түзүлгөн мамлекеттердин күбөлүгү мүнөзүндө»,-деди.

Эрдоган 93 жылдын ичинде Европанын эң чоң 6чы, дүйнөнүн эң чоң 17чи экономикасына айланган Түркия Республикасынын 2023-жылга карата максаттарын ишке ашыруусуна, 2053 жана 2071-жылга карата көз карашынын негизинде илгерилешине эч бир күч жана кысымдын бөгөт кое албай тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар