Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышы аяктады

Президент Эрдоган бул жыйналыштардын маанисин баса белгилеп, абдан маанилүү токтомдор чыгарылаарын айткан.

533727
Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышы аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик сарайда өткөрүлгөн тарыхый Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышы аяктады.

Орчундуу жыйналыш 5 саатка созулду. Жыйналыштан кийин жазуу түрүндө жарыя күтүлүп жаткан болчу.

А бирок жооптуу кызматтагылар күтүлгөн жарыянын Министрлер кеңешинин жыйналышы да өткөндөн кийин жасала турганын билдирди.

Президент Эрдоган шейшемби күнкү элге кайрылууларында бул жыйналыштардын маанисин баса белгилеп: «Абдан маанилүү токтомдорду жарыялайбыз.Ылдам чечим чыгарып, ылдам натыйжага жетишишибиз керек»,-деген.



Тектеш кабарлар