Президент Эрдоган Анкарада Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышат

Эрдоган Грузиянын премьер – министри Гиоргий Квирикашвилини кечээ президенттик комплексте кабыл алды

533494
Президент Эрдоган Анкарада Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышат

Президент Р. Т. Эрдоган Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнун 15 -  июлдагы козголоңунан бери биринчи жолу Анкарага келди.

Эрдоган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңеш жыйыны үчүн Анкарага келген Грузиянын премьер – министри Гиоргий Квирикашвилини кечээ президенттик комплексте кабыл алды. Эрдоганды бул жолугушуусунда премьер – министр Бинали Йылдырым  коштоду. Президент бүгүн Улуттук Коопсуздук Кеңеши менен министрлер кеңешинин жыйынына башчылык кылат. Президент Эрдоган кечээ Стамбулда ФЕТӨнүн 15 -  июлдагы кыймылынан бери үйүнүн алдынан кетпеген жүз миңдеген кишиге берген маалыматында : «Өкмөтүбүз абдан маанилүү даярдыктын ичинде. Улуттук Коопсуздук Кеңешибизди чогултабыз. Андан кийин министрлер кеңешинин жыйынын өткөрөбүз. Андан кийин абдан маанилүү чечимди билдиребиз. Ылдам түрдө чечим чыгарып, ылдам түрдө жыйынтык чыгаруубуз керек»,- деди.

Бул жыйындар президенттин козголоңдон кийин биринчи жолу Стамбулдан Анкарага келип жыйындарды башкаруусу жактан да мааниге ээ болууда. Чыга турган чечим болсо дүйнөлүк коомдук пикирде кызыгуу менен күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар