Селман жана Эрдоган

Селман Түркия менен толук колдошууда экендиктерин баса белгиледи.

531424
Селман жана Эрдоган

Президент Режеп Таййип Эрдоганга Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдүлазиз менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалымтка караганда Сауд королу Селман, 15-июлда болгон төңкөрүш аракетине байланыштуу президент Эрдоганга жана ал аркылуу бүтүндөй түрк калына көңүл айтты.

Түркияда шайлоо менен бийликке келген өкмөттү колдогондорун белгилеген корол Селман, Түркиянын тынчтык, ырааттуулук жана коопсуздугунун бүтүндөй аймак үчүн маанилүү экенине да көңүл бурду.

Президент Эрдоган да урматтаганы үчүн Селманга ырахмат айтты. Селман Түркия менен толук колдошууда экендиктерин баса белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар