Эрдоган парламент төрагасы жана партия лидерлерине ыраазычылыгын билдирди

Эрдоган Жумурият элдик партиясынын жетекчиси К. Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Д. Бахчелиге төңкөрүш аракетин колдобой койгондору үчүн ыраазычылыгын билдирди.

530908
Эрдоган парламент төрагасы жана партия лидерлерине ыраазычылыгын билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчелиге төңкөрүш аракетин колдобой койгондору үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президент Эрдоган кечээ кечинде Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ)Төрагасы Исмаил Кахраман, оппозициядагы партиялардын лидерлеринен Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчелиге телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Эрдоган 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы ТУУЖнын сыймыктуу турушун көрсөткөнү үчүн Кахраманды жана ал аркылуу эл өкүлдөрүн куттуктады.

Президент Эрдоган ошол алкакта Кылычдароглу жана Бахчелиге да байланышып, бийликтеги партия менен бирге демократияны жана улуттун эркин коргоп чыкккандары, төңкөрүш аракетин колдобой койгондору үчүн ырахматын айтты.

Эрдоган демократияны колдоо темасында бардык партиялардын бирдей мамиледе болууларынын маанисин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар