Түркия Франциядагы кол салууну айыптоодо

Терроризм адам баласына каршы жасалган кылмыш болуп саналат

529703
Түркия Франциядагы кол салууну айыптоодо

Премьер-министр Бинали Йылдырым Франциянын Ницца шаарында болгон террордук кол салууну француз тилиндеги билдирүүлөрү менен айыптады.

Йылдырым билдирүүсүндө: «Терроризм адам баласына каршы жасалган кылмыш болуп саналат»,-деди.

Террордук кол салууну айыптаганын баса белгилеген Бинали Йылдырым, каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын да тез арада сакайып кетишин тиледи.

Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челик да айыптоо билдирүүсүн социалдык медиа баракчасынан англис тилинде бөлүштү.

Коркунучтуу террордук кол салууну катуу айыптаганын белгилеген Челик: «Ойлогонум кол салууда курман болгондор жана алардын үй-бүлөлөрү. Кайда, кандай жана кайсы себеп менен адам баласына кол салса да террор дайыма ырайымсыз. Террорго каршы биримдиктүү болушубуз керек»,-деп айтты.

Каржы министри Нажи Авжи болсо кол салуулардын кайрадан болбошун тилеп: «Өлкөлөр ушул боюнча орток түшүнүшүү ичинде террорго каршы күрөшүшөт деп ойломун»,-деди.



Тектеш кабарлар