Түркияда күн катуу ысыйт...

Абанын температурасынын эртеңден тарта көтөрүлүшү күтүлүп жатат.

527710
Түркияда күн катуу ысыйт...

Түштүк Мармарада абанын температурасы эртеңден тарта ысып жуманын аягында 40 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүп жатат.

Метеорология башкармалыгы маалымдагандай, Түштүк Мармара райондорунда бүгүн 31-34 градус болушу күтүлгөн абанын температурасынын эртеңден тарта көтөрүлүшү көздөлүүдө.

Бурса жана айрым райондордо бүгүн 34 градус боло турган абанын темпаратурасы, жуманын аягында 39 градуска, Балыкесирде 33 градустан 40 градуска, Чанаккаледе 31ден 35 градуска жана Яловада 31ден 36 градуска көтөрүлүшү күтүлүп жатат.

Түндүк Эгейдин туризм борборлорунун бири болгон Эдремит жана Бурханиеде болсо 38 градус болушу күтүлгөн абанын температурасы Айвалыкта 35 градуска жетиши мүмкүн.

Жуманын аягында Эскишехирде абанын температурасы 40, Күтаья жана Билежикте болсо 38 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.

Адистер бул ысыктыктын күнгө чыкканда мындан жогору болушу мүмкүн экенин белгилешип, жарандарды эскертишти.



Тектеш кабарлар