Адам баласынын эмгектери жана жакшылыктары түбөлүктүү

Вице-премьер Нуман Куртулмуш ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комитетинин 40-жыйынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

527054
Адам баласынын эмгектери жана жакшылыктары түбөлүктүү

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш терроризмге каршы чогуу саясий эрк көрсөтө тургандарын айтты.

Нуман Куртулмуш Стамбул Конгресс борборунда өткөрүлгөн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комитетинин 40-жыйынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Вице-премьер: «Согушка, кагылышууларга, басып алуу жана кысымдарга каршы, террорго каршы бардыгыбыз чогуу саясий эрк көрсөтөөрүбүз шексиз. Бирок мындан тышкары адам баласынын бул жамандыкка, хаос жана кризистерге каршы бере турган эң чоң жообу болсо тарыхый, маданий жана көркөм-өнөр чыгармаларын көбөйтүү болот. Адам баласынын жер жүзүндө калтырган эмгектери жана жакшылыктары түбөлүктүү экени, адамдардын ушулар менен эсте калаары, жакшы көрүлөөрү, ал эми согушту, кыргынды жана хаосту тандагандар унутулуп калаары ачык айкын»,-деди.

Жыйындын Стамбулда жана аймагында орчундуу мезгилде өтүп жатышы маанилүү экенин баса белгилеген Куртулмуш катышуучуларга мында деп кайрылды: «Өзгөчө Түркия да ичинде болгон бул аймакта террордун бардык түрү болуп жатканы, бир гана адамдар, балдар, жаштар, аялдар, кары-картаңдар эмес ошол эле учурда тарыхый баалуулуктар жок кылынып жаткан аймакта ушул жыйындын өтүп жатышы, терроризмге каршы тилектештик жагынан эң маанилүү билдирүүлөрдүн бири деп ойлоймун. Ошондуктан сиздерге өз-өзүнчө Түркия Республикасынын өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдиргим келет»,- деди.

 



Тектеш кабарлар