Премьер-министр Бинали Йылдырым Барзани жана Борисов менен сүйлөштү

Лидерлер көптөгөн темада макулдашышты

525952
Премьер-министр Бинали Йылдырым Барзани жана Борисов менен сүйлөштү

Премьер-министр Бинали Йылдырым Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун премьер-министри Начирван Барзани жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менен телефон аркылуу сүйлөштү.  

Йылдырым Түркия менен Ирактын ырааттуулугун бутага алган ДЕАШ жана ПКК менен катар террордук уюмдарга каршы күрөшүүдө кызматташуунун шарт экенин сөз кылды.

Барзани да премьер-министр Йылдырымды Рамазан майрамы менен куттуктап, Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда болгон террордук актыга байланыштуу көңүл айтты.

Премьер-министр Йылдырым менен Барзани экономикалык, соода-сатык жана энергетика менен катар бардык тармактарда кызматташууну күчтөндүрүү үчүн биргелешкен аракеттерди жана жакын диалогду улантуу боюнча макулдашышты.

Премьер-министр Бинали Йылдырымдын Болгариянын премьер министри менен сүйлөшүүсүндө болсо күн тартипте Болгариядагы түрктөр болду.

Йылдырым мекендештердин укуктарынын жана ырааттуулугунун корголуп өнүктүрүлүшү темасында Болгария өкмөтүнүн оң мамилесинин эки тараптуу алакаларды дагы да бекемдей тургандыгын сөз кылды.

Премьер-министр Борисов да бул боюнча колунан келген колдоону көрсөтө турганын айтты.

Йылдырым менен Борисов, түрк жана болгар кызмат органдарынын ортосунда транспорт жана соода-сатык менен катар кеңири тармакка жайылган кызматташуунун дагы да өнүктүрүлүшү үчүн эки тараптуу аракеттердин улантылышы, ошондой эле бөлүнүүгө жана жикчилдикке каршы күрөшүүдө чогуу иш жүргүзүү боюнча макулдашышты.



Тектеш кабарлар