Премьер - министр Бинали Йылдырым жана Мемнун Хүсейиндин сүйлөшүүсү

Өлкөлөр арасындагы кызматташытктын дагы да өнүктүрүлүшү үчүн  аракеттердин улантылары сөз болду

524951
Премьер - министр Бинали Йылдырым жана  Мемнун Хүсейиндин сүйлөшүүсү

Премьер – министр Бинали Йылдырым Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Премьер – министрлик булактардан алынган маалыматка караганда кечээ кечинде Пакистан тарабынын талабы менен өткөн сүйлөшүүдө Йылдырым жана Хүсейин бир бирин Рамазан майрамы менен куттукташты. Эки лидер Түркия менен Пакистан калктарынын ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштардын алкагында, өлкөлөр арасындагы кызматташытктын дагы да өнүктүрүлүшү үчүн  аракеттердин улантыларын билдиришти.

 



Тектеш кабарлар