Газага жардам

11 миң тоннадан ашуун жардам Газага жеткирилди

524083
Газага жардам
türkiye'den gazzeli yetimlere yardım.jpg

Түркиядан жолго чыккан 'Lady Leyla' аттуу жардам кемеси ташыган 11 миң тоннадан ашуун жардам Газага жеткирилди. Түркиядан барган бул жардам газалыктарга майрам кубанычын жашатты. Түркиядан жиберилген жардамдардын бир бөлүгү таркатыла баштады. Израиль бажысында процесстин акырын иштөөсү менен кечээки таркатуу оюнчактар менен  чектелүү калды. Биринчи оюнчак кутулары Ел Эмел жетимканасындагы балдарга жеткирилди. Түркиядан барган жардамдан 10 миңге жакын жардамга муктаж  үй – бүлө пайдаланат. Бул жардамга муктаж үй – бүлөлөр Газадагы социалдык иштер министрлиги тарабынан белгиленди. Материалдарды таркатуу координациясын Түрк Кызылайы алды. Газага 13 миң 775 азык – түлүк кутусу, 5 миң тонна ун, 3 миң тонна шекер, 2 миң тонна күрүч жиберилди.

100 миң кийим жана 20 миң жуп бут кийим да жардамдардын арасында. Газага оорукана жана турак жай куруу да болуу менен Түркиянын жардамдары улантылат.



Тектеш кабарлар