ДЕАШ исламды жана мусулмандарды колдонгон уюм

Президент Р. Т. Эрдоган ДЕАШтын исламдын жана мусулмандардын атын колдонгон уюм экендигин айтты

523484
ДЕАШ исламды жана мусулмандарды колдонгон уюм

Президент Р. Т. Эрдоган ДЕАШтын исламдын жана мусулмандардын атын колдонгон уюм экендигин айтты.

Стамбул достук коомунун ифтар тамагына катышкан Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө ДЕАШтын ислам жана мусулмандык менен аз да болсо байланышы жок экендигин, тескерисинче бир гана максатынын исламга зыян тарттыруу экендигин айтты. Террордук уюмдарга кошулгандарга чакыруу салган президент : «ДЕАШ жана ПККга кошулуп, бул уюмдардын чыныгы жүзүн көрө албагандарга кайрылам; келгиле бул жаңылыштыктан кайткыла. Өз диниңиздеги кишилерге, өлкөңөргө зыян бергенден эч пайда таппайсыңар»,- деди.

Орусия жана Израиль менен карым  - катнаштардын оңолгондугуна токтолгон Эрдоган карым – катнаштарды оңдоо жолунда ташталган кадамдардын бирөөлөрдүн тынчын алгандыгын айтты.
 



Тектеш кабарлар