Израиль жана Орусия менен нормалдашуу карым - катнаштары

Изриаль жана Орусия менен болгон мамилелердеги нормалдашуунун аймакка тийгизген таасири болот

522895
Израиль жана Орусия менен нормалдашуу карым - катнаштары

Бул жума Түркиянын Израиль жана Орусия менен болгон карым – катнаштарын өнүктүрө турган эки тарыхый дипломатиялык демилгелерге сахна болду жана бул эки келишимдин аймакка оң таасир берерин далилдейт. Түркия бул жумада Израиль жана Орусия менен болгон карым – катнаштарын нормалдаштыруу үчүн эки негизги кадамды таштады. Бул абалдардын Түркиянын тышкы саясаты, аймактык тынчтык жана ырааттуулук үчүн маанилүү жыйынтыктары болот. Абалдардын узун убакыттан бери улантылып келген Палестина жана Сирия маселеси менен ДЕАШка жана ПКК террорчулугуна каршы күрөшкө да жардам берүү потенциалы жогору. Алты жылга жакын созулган сүйлөшүү процессинен кийин түрк жана израилдик кызматкерлер Түркия жана Израилдин ортосундагы карым – катнаштарды нормалдаштыруу үчүн 2016 -  жылы 29 -  июнда келишимге кол коюшту. Түркия үчүн келишим алдыга коюлган экинчи жана үчүнчү шарттарды орундатууда. «Мави Мармара» кемесине Израилдин кол салуусу учурунда өлтүрүлгөн үй – бүлөлөр үчүн компенсация жана Газадагы блокаданын жоюлушу. Премьер – министр Беньямин Нетаньяху 2013 -  жылы АКШнын президенти Барак Обаманын алдындагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө президент Р. Т. Эрдогандан ансыз да кечирим сураган.

Нормалдашуу келишими абдан чоң эки маанилүү тармакта жаңы бир бет ачууда: Түркия – Изриаль карым – катнаштары жана Газадагы абал. Тараптар элчилерди жиберүү процессин баштап, экономикалык жана туризм карым – катнаштарын кайрадан ишке кире турган абалга алеп келүүдө келишишти. Ошондуктан эки тараптуу карым – катнаштарда жаңы иш чараларга күбө болобуз.

Бирок эң негизги нерсе бул келишимдин жардамы менен Түркияга  гуманитардык жана жарандык жардам берүү үчүн уруксаттын берилиши жана мунун акырында Газада боло турган ыктымалдуу жаңы абал. Негизинен түрк инсандарынын атынан газалыктарга Рамазан майрамы үчүн жиберилген биринчи жадам кемеси эчак эле Ашдод портуна баруу үчүн жолго чыкты. Буга кошумча катары Израиль тарабы түзүлгөн келишимдин бир бөлүгү катара Газадагы турмуштук шарттардын жакшыртылуусу үчүн ишеним берип жана Түркия була абалды абдан чоң мүмкүнчүлүк катары көргөн. Иш оболу газалыктарга күнүмдүк берилген электр жана суу көлөмүнүн арттырылуусу менен башталат. Чектелген электр менен суу Газа тилкесинде  саламаттыкты сактоодон дыйканчылыкка чейин бардык нерсеге таасирин тийгизген абдан чоң маселе. Азыркы учурдагы  суу жана электр базисин түзүү үчүн техникалык адистерден турган бир топ Газага барат жана кыска убакытта иштер башталат. Айрыкча Түркия улантылып жаткан проектилерин Газа ооруканасы жана акыркы Газа кол салуусунда үйлөрүн жоготкондор үчүн курган турак жайларды бүткөрөт.

Газалыктар күнүмдүк турмушунда бул жаңы Түркия – Изриаль келишиминин так жыйынтыгын көрүшөт деп ойлойбуз. Саясий жакта болсо Түркия Палестина калкынын көз карандысыз мамлекетке ээ болуу укугун жана согушун, кагылышуунун, тартылган кыйынчылыктардын соңуна чыгуусу үчүн берген жардамдарын улантат. Түркия палестиналык топтор менен карым – катнаштарда болуу жана Батыш Шериа менен Газадагы бардык палестиналыктарга жардам берүүнү улантат. Израиль менен болгон карым – катнаштарын нормалдаштыруу менен Түркия тынчтык процессине салымын кошуу мүмкүнчүлүгүн арттырып, керексиз араздашуулар менен жоготууларга да бөгөт болду. Бул абал Иерусалимдеги Месжид  - и Акса жана тегерегиндеги орчундуу абалдар үчүн да айтыла алат.

Бул жуманын экинчи чоң кабары болсо Орусия менен карым – катнаштарды номалдаштыруу. Бул абал көптөгөн киши үчүн күтүлбөгөн абал болду, бирок негизинен орус учагынын 2015 -  жылдын ноябрь айында атып түшүрүлүшүнөн бери болуп келе жаткан кризисти ашып өтүү үчүн көптөгөн айлардан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан. Абдан таасирдүү дипломатия жүргүзүлдү жана президент Эрдоган орус кесиптеши Путинге орус учкучтун өлтүрүлүшүнөн улам кайгысын жана бушаймандыгын билдирген кат жиберди. Эки лидер аймактагы ачкыч эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштарды номардаштыруу үчүн кадам ташташты.

Орус учагы атып түшүрүлгөндөн кийин Түркия жакшы мамиле жасоону тандады. Эми болсо бул мамиле президент Путиндин Түркияга карата жасаган бардык экономикалык жана туризм санкцияларын жоюсу менен жообун алган болду – бул абдан жакшы кабар эки тараптагы жарандар жана иш чөйрөлөрү тарабынан кубанычтуу кабыл алынды. Экономика менен бирге түрк  - орус карым – катнаштарында ачылган бул жаңы беттин ачкыч маанидеги башка бир жыйынтыгы Сирия согушунун келечеги тууралуу жана террорчулукка каршы күрөш тууралуу болот. 29 -  июндагы телефон аркылуу сүйлөшүүдө президент Эрдоган менен Путин эки маселе боюнча келишип, өз топторун маселени иликтөө үчүн милдеттендиришти.

Түркиянын Сирия согушу жана Башар Асаддын келечеги тууралуу позициясы белгилүү. Түркия жана Орусиянын ортосундагы аракеттердин Сириядагы абалды текшерүү астына алуу потенциалы болот. Бул абал айрыкча түркияга Сирия жерлеринен келген ДЕАШ терроруна каршы дагы таасирдүү күрөшүү үчүн да жардам берет.

Стамбул Ататүрк эл аралык аэропортуна жасалган террордук кол салуунун Израиль жана Орусия менен түзүлгөн келишимдерден бир күндөн кийин болушу жөн гана туш келүү эмес. ДЕАШ бул эки келишимге да каршы жана Түркияны стратегиялык бута катары көрүүдө. Түркия бул террордук уюмга каршы чара көрүүгө бул багытта аракеттерин АКШ жана эми Орусия менен  ал түгүл балким да Изриаль менен координациялоону улантат.

Түркиянын Израиль жана Орусия менен болгон карым – катнаштарын нормалдаштыруу кыймылы учурунда болду жана бир бирине карата урмат  сый принциптери аймактык кызматташтык, тынчтык жана коопсуздук принциптерине таянуу менен аткарылды. Жакынкы Чыгыштагы жана жалпы дүйнөдөгү абалга көз чаптырганда дем алуубузга мүмкүнчүлүк бере турган мындай кыймыл бир топ чукул жана кысым жасоочу маселени карап чыгуубуз үчүн керек эле.



Тектеш кабарлар