Президент Эрдогандын макаласы

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Жакынкы Чыгышта ырааттуулуктун кепилдиги экендигин белгиледи

516781
Президент Эрдогандын макаласы

 

Жаңы Түркия стратегиясы иликтөөлөр борбору чыгарган «Йени Түркие» (Жаңы Түркия) журналы акыркы санын Жакынкы Чыгышка бөлдү. Президент Эрдоган да журналга «Түркия Жакынкы Чыгыштын бир гана чыныгы досу» деген темада макала жазды.

Жакынкы Чыгыштын кээ бир өлкөлөр тарабынан бүгүн кайрадан иретке салынууга аракет кылынып жаткандыгын айткан Эрдоган аймактын жеринин бүтүндүгүн жактаган бир гана өлкө Түркия экендигин баса белгиледи. Эрдоган : «Бул жерде максат оңой менен колонияга алуу, оңой менен текшерүүгө алуу. Түркия Жакынкы Чыгыштын жеринин бүтүндүгүн, ырааттуулугун, тынчтыгын жактаган бир гана өлкө. Түркия өткөн күндө болгондой бүгүн да Жакынкы Чыгышта ырааттуулуктун түптөөчүсү»,- деди.

Эрдоган макаласында Сириядагы Асад Режиминин алты жылдан бери мамлекеттик террор жүргүзүп жаткандагын, Орусиянын да өз пайдасы үчүн Асад режимин  кармап калууга аракет кылгандыгын белгиледи.

Эрдоган : «Тилекке каршы бул кыргындардан эң көп таасирленген топтордун бирөөсү да түркмөндөр. Орусиянын жана Асад режиминин түркмөндөрдү жана жарандык калкты бутага алган кол салуулары көрбөстүккө салынууда. Орустардын ДЕАШ менен күрөшүү деген аттын астында Сирияда жасаган кылмыштары жана кыргынына союздаштарыбыз үн чыгарбай жатышат»,- деп баа берди.

Макаласында террордук уюм ПЙД – ЙПГнин Сирияда жерге ээ боло албай тургандыгын айткан Эрдоган : «Террордук уюм ПККнын чектерибиздин ичиндеги кыймылдары сыяктуу бул сценарийлери  да текке кетет. Өлкө жана улут катары тынчтык ичинде жашаган Жакынкы Чыгыштын курулушу үчүн эч бир  жардамдан качпайбыз»,- деди.  



Тектеш кабарлар