Террорго карата абадан жүргүзүлгөн операция

Диярбакырдын Лиже, Хани, Силван, Кулп жана Хазро райондоруна караштуу 25 айылда көчөгө чыгууга тыюу салынды

515131
Террорго карата абадан жүргүзүлгөн операция

Террордук уюм ПККнын 16 жери абадан жасалган кыймыл менен жардырылды. Түрк аскердик учактары террордук уюм ПККны өлкө ичинде жана өлкө тышында аткылоону улантууда. Куралдуу күчтөргө таандык аскердик учактар кечээ түнү менен ПККнын Ирактын түндүгүндөгү Кандил, Синат жана Хафтанин аймактарындагы үңкүрлөрүнө абадан операция жүргүздү.

Операцияларда террордук уюмга таандык баш калкалоочу жерлер менен ок – дары сактоочу жерлерди камтыган 5 бута жардырылды. Башка бир  операция да Диярбакырдын Лиже айылында жүргүзүлдү. Берилген бир маалымат менен жүргүзүлгөн операцияда уюмга таандык 11 бута жардырылды.

Бир тараптан Диярбакырдын Лиже, Хани, Силван, Кулп жана Хазро райондоруна караштуу 25 айылда көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Губернаторлуктан берилген маалыматта Лиже, Хани жана Силван райондорунун кыштактарындагы тоолуу жана токойлуу аянтта кыймылдарын жүргүзгөн жикчил террордук уюмдун мүчөлөрүнүн таасирсиз абалга алып келиниши, аймакта террористтер колдонгон  баш калкалоочу жерлер, ок – дары сакталган жерлердин аныкталуусу үчүн операциялардын жүргүзүлөрү белгиленди.



Тектеш кабарлар