Эрдоган жана коштоосундагы делегация Мухаммед Али музейин зыярат кылды

Бул жерде Эрдоган чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берди

507925
Эрдоган жана коштоосундагы делегация Мухаммед Али музейин зыярат кылды
cumhurbaşkanı ahıska iftar.jpg
cumhurbaşkanı müze1.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган бардык адамзаттын Сириянын мамлекет башчысы Башар Асадды четке кагуусу керектигин белгилеп : «Ага жардам бергендердин  анын зулумчулугуна жана адам өлтүрүүсүнө орток болгондугуна ишенем»,- деди.

Эрдоган легендарлуу боксер Мухаммел Алинин жаназа зыйнаты үчүн барган АКШнын Луисвилл шаарында жубайы Эмине Эрдоган жана коштоосундагы делегация менен Мухаммед Али музейин зыярт кылды. Музейден чыккандан кийин чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берген Эрдоган Мухаммед Алинин эркиндик жана согушка каршы үлгүлүү күрөшүнө токтолду.

Эрдоган бир журналисттин берген суроосу боюнча Асаддын 600 миң жаранын өлтүргөн канкор, өз мекенин басып алуучу жана мамлекеттик террор жүргүзгөн киши экендигин белгиледи. Президент 3 миллион сирялык качкындын Түркияда экендигин айтты.

Президент Эрдоган АКШдан кеткенден мурда Ахыска түрктөрүнүн берген ифтар тамагына да катышты. Эрдоган бул жерде Түркиянын Ахыска түрктөрүнө жардам берип жаткандыгын кайталады.

АКШнын Луисвилл шаарында легендарлуу боксер Мухаммед Алинин жаназа намазына катышкан президент Р. Т. Эрдоган бүгүн өткөрүлө турган экинчи жаназа зыйнатын күтпөстөн Түркияга катып келет.



Тектеш кабарлар