Калын: «Армения чечими: Мыйзамсыз, жаңылыш жана зыяндуу»

Ибрахим Калын Германия Парламентинин чыгарган чечими менен миллиондогон түрккө акыйкатсыз жалаа жапканын айтты.

505139
Калын: «Армения чечими: Мыйзамсыз, жаңылыш жана зыяндуу»

Президеннттиктин катчысы Ибрахим Калын, Германиянын Федералдык парламентинин (Бундестаг) 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу кабыл алган токтому менен жалгыз эле укукту бузуп тим болбогонун, ошол эле учурда тар көз караштуу жана жаңылыш чечим чыгарганын да белгиледи.

Калын: «Армения чечими: Мыйзамсыз, жаңылыш жана зыяндуу» темасы менен Германиянын " Frankfurter Allgemeine Zeitung" гезити үчүн макала жазды.

Ибрахим Калын, Германия Парламентинин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарын таанып, Түркиянын түрк жана армяндарды диалог жолу менен жакындатуу аракеттерин көрмөксөнгө салганын   белгиледи.

Түркиянын Армения менен дагы тыгыз иштөө үчүн 2007-жылы Ереван өкмөтү менен сүйлөшүүлөрүн баштаганын да эске салган Калын, «Ал эми Армениянын президенти Серж Саргсян, 2010-жылдын апрель айында бекитүү процессин токтотконун жарыялады. Тилекке каршы Ереван бийлиги алдыга жылыш боло турган кадамды таштоону каалабайт»,деген пикирин жазды

Германиянын саясий, экономикалык жана маданий жашоосуна баалуу салымдарды кошкон миллиондогон түрккө бул токтом менен акыйкатсыз жалаа жабылганына көңүл бурган Ибрахим Калын, «Бул чыгарылган токтом түрк коомчулугунун немис өкмөтү менен болгон карым катнаштарына оор зыян тийгизди. Федералдык Парламенттин талаштуу токтому, тарыхтын дагы бир жолу саясатташтырылышынын пайдадан көп зыян алып келгенин көрсөттү»,деген серебин салды.

Ал эми эл аралык коомчулуктун Түркиянын планында бириккен учурунда бул темада бир үмүт  жанганын белгилеген катчы, макаласын мындай бүтүрдү: «Германия, Түркияны жаңылыш айыптоолор менен күнөөлөөнүн ордуна Арменияга токтотулган маселеге чечим табылышы үчүн аракеттерин улантышы темасында кысым көрсөтүшү керек. Эки тараптуу айыптоолор үчүн убактыбыз жок. Миллиондогон адам туруктуу тынчтык үчүн дуба кылууда».



Тектеш кабарлар