Президент Эрдогандын Африка сапары башталды

Президент Чыгыш Африка өлкөлөрүндөгү жолугушууларынын алгачкы аялдамасы Угандада...

501472
Президент Эрдогандын Африка сапары башталды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын үч өлкөнү камтыган Африка сапары башталды.

Президент Чыгыш Африка өлкөлөрүндөгү жолугушууларынын алгачкы аялдамасы Угандада...

Эрдоган кесиптеши Йовери Мусевени тарабынан Президенттик сарайында расмий салтанат менен тосулду.

Эки президент өз алдынча жолугушууларынан кийин делегациялар аралык жолугушууларга да жетекчилик кылышат, келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.

Макерере университети тарабынан бериле турган ардактуу докторлук наамы аземине катыша турган Эрдоган, угандалык кесиптеши менен Түркия-Уганда ишкерлер форумуна да катышат.

Ишкерлер менен жолугуша турган президент Эрдогандын Уганда сапары, Түркиядан Угандага президенттик деңгээлинде жасалган алгачкы сапар болуу өзгөчөлүгү бар.

 



Тектеш кабарлар