Килиске ракета түштү
Беш киши жараланды
499264
Сириядан атылган үч ракета Килис облусунун Элбейли районуна келип түшүп беш киши жараланды. Жарандык согуш улантылып жаткан Сириядан атылган ракеталар райондун борборундагы бир үйдүн короосу менен бош аянттарга келип түштү. Тегеректеги кээ бир имараттардын айнек – терезелери сынып, жаралуулар Килис мамлекеттик ооруканасына алып барылды. Полиция топтору октор келип түшкөн аймакта коопсуздук чараларын көрүп изилдөөлөрдү башташты.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.