Улуттук Коопсуздук Кеңешинин май айындагы кезектеги жыйны болуп өттү

Жыйын премьер – министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде курулган 65 -  өкмөттүн биринчи Улуттук Коопсуздук Кеңеш жыйыны болду

498788
Улуттук Коопсуздук Кеңешинин май айындагы кезектеги жыйны болуп өттү

 

Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде президенттик комплексте басма сөзгө жабык өткөн жыйын беш жарым саатка созулду. Жыйындан кийин берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Жарандарыбыздын тынчтык жана коопсуздугу менен коомдун тартибинин түзүлүшү максатында жүргүзүлгөн иш чаралар террор жана террористтер менен күрөшүүдө келинген жер сөз болду. Мамлекеттин укуктук чектеринин ичинде чечкиндүүлүк жана жоопкерчилик менен жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында калктын колдоосун ала албаган жана  багынуудан башка чарасы жок террордук уюмдун аймакта жашаган жарандарыбыздын өкүлү болбой тургандыгы баса белгиленди»,- деп айтылды.

Жыйын премьер – министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде курулган 65 -  өкмөттүн биринчи Улуттук Коопсуздук Кеңеш жыйыны болду.



Тектеш кабарлар