Түрк аба жолдору Босния Герцеговинанын табигый жана тарыхый кооздуктарын таанытты

Таанытууга Кувейт, Бахрейн, Иордания жана Бириккен Араб Эмирликтеринен 50 туризм фирмасынын өкүлдөрү катышты

490156
Түрк аба жолдору Босния Герцеговинанын табигый жана тарыхый кооздуктарын таанытты

Түрк аба жолдору тарабынан Сараеводо «Эң жакшы саякат сунуштары» деген темада өткөрүлгөн жыйында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн туризм агенттиктерине Босния Герцеговинанын табигый жана тарыхый кооздуктары таанытылды. Жыйынга Кувейт, Бахрейн, Иордания жана Бириккен Араб Эмирликтеринен 50 туризм фирмасынын өкүлдөрү катышты.

Түрк аба жолдору Босния Герцеговина директору Салих Кансу Босния – Герцеговинанын араб туристтер үчүн өзүнө тартуучу бир өлкө экендигин айтып, туризм агенттиктеринин өкүлдөрүнөн турган делегациянын үч күн Босния Герцеговинада болорун айтты. Кансу : «Сараеводон кийин тарыхый жерлери менен билинген Травник жана шаркыратмалары менен белгилүү Яйце шаарын зыярат кылабыз. Ошол эле учурда өлкөнүн кышкы туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрүн да көрсөтүүнү максат кылуудабыз»,- деди.

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн туризмчилердин Сараевого кошумча катары Koнжич, Благай, Мостар жана Ябланицаны да зыярт кылуусу пландалууда.



Тектеш кабарлар