Түркиянын террор менен күрөшүү боюнча мыйзамы өзгөртүлбөйт

ЕБ боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр бул темага катуу каршылык көрсөттү.

489326
Түркиянын террор менен күрөшүү боюнча мыйзамы өзгөртүлбөйт

Европа Биримдигинин визасыз режим үчүн террор менен күрөшүү мыйзамынын жумшартылышын талап кылышына, ЕБ боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр катуу каршылык көрсөттү.

Бозкыр: «Түркияда 450 аскерибиз шейит болгон террор менен күрөшүү операциялары жүргүзүлгөн, жанкечтилер адамдардын өмүрүн кыйган чөйрөдө террор менен күрөшүү мыйзамынын өзгөртүлүшү мүмкүн эмес»,-деди.

Волкан Бозкыр, Франциянын Страсбург шаарындагы жолугушууларынын алкагында Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульц, европалык консервативисттер жана реформачылар фракциясынын төрагасы Саид Камал, Социалисттер жана демократтардын өүгүү шериктештиги фракциясынын төрагасы Гианни Питтелла жана Европа Парламентинин тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Эльмар Брок менен жолукту.

Шульц менен болгон жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Бозкыр, Түркиянын визалардын жоюлушу үчүн керектүү шарттарды камсыздоо үчүн абдан көп иштегенин баса белгилеп, «Бул математикалык эсеп эмес. Бул бир саясий маселе. Абалга саясий деп сереп салуу маанилүү», деген сөз айтты.

Террор мыйзамынын өзгөртүлүшү эч качан мүмкүн болбогонун баса белгилеген Бозкыр: «Биздин террор менен күрөшүү мыйзамыбыз Европа стандарттарына да ылайык»,-деди.



Тектеш кабарлар