Велосипедчен качкын Анкарага келди

Мүлхем ел Саид качкындарга кучак ачкан президент Р. Т. Эрдоганга рахмат айтуу үчүн үй – бүлөсү менен педал тээп Анкарага келди

484942
Велосипедчен качкын Анкарага келди

Сириядагы согуштан качып Мардиндин Мидият районуна баш калкалаган Мүлхем ел Саид качкындарга  кучак ачкан президент Р. Т. Эрдоганга рахмат айтуу үчүн үй – бүлөсү менен педал тээп Анкарага келди.

Ел Саид менен жубайы Мей  Берсини жана эки баласы 23 күндө 1200 километрдик жолду басып өттү. Ел Саид жана үй – бүлөсү Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Анкара облустук төрагасы Мустафа Недим Ямалы жана партиянын башкаруучулары тарабынан тосулуп алынды. Облустук төрага Ямалы Сириячалык Түркиянын да качкындардын мекени экендигин, бул бир туугандыктын түбөлүккө чейин улантыларын баса белгиледи. Ямалы  үй – бүлөгө бардык жардамдын берилерин айтты.

Мүлхем ел Саид да артында түрк желеги менен Анкарага келүү өзү үчүн сыймык экендигин белгиледи.

23 күндүк велосипед жүргүнчүлүгүндө учураган шаарларда жолугушкан сириялык качкындар жана студенттердин рахматын бир дептерге чогултканын белгилеген Ел Саид өзү жазган бир ыр менен бул дептерди президент Эрдоганга берип, рахматын билдирүүнү каалаганын айтты.



Тектеш кабарлар