Европа Биримдигине саякат кылууга мыйзамдар туураланды

Түркия парламентинен бул боюнча акыркы мыйзамдар чыкты.

484241
Европа Биримдигине саякат кылууга мыйзамдар туураланды

Визасыз режим критерийлеринин алкагында дагы 2 түзөтүү Түркия Улуу Улуттук Жыйынында кабыл алынды.

Укук коргоо органдарынын көзөмөл комиссиясы мыйзамы жана Европа Биримдиги менен артка кайтарып алуу келишими жалпы жыйындан өттү.

Мыйзам, укук коргоо кызматкерлеринин кылган кылмыштарынан же тартип жазасын талап кылган кыймылдардан улам жүргүзүлгөн процедуралардын борбордук системада катталышын максаттайт.

Ушул алкакта укук коргоочулар туурасында адам өлтүрүү же кыйноо сыяктуу дооматтарга алдыңкы орун берилип тергөө жүргүзүлөт, коюлган доолор шашылыш иштерден болуп саналат.

Укук коргоо органдарынын көзөмөл комиссиясы кызмат жана ыйгарым укуктарында көз карандысыз болушат. Кандайдыр бир орган же кишиден буйрук алышпайт.

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы «Артка кайтаруу» келишими да парламентте кабыл алынды.

Ушундайча Түркия жана ЕБнин ортосунда уруксатсыз жашап жаткан кишилердин артка кайтаралышы мыйзамдашты.



Тектеш кабарлар