Шырнакта бир аскер дагы шейит болду
Ага сержант Уяныктын жаназасы туулган жери Чанкырыга алып барылды
480680
Операциялар жүргүзүлүп жаткан Шырнакта кечээ жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террористтер жаралаган жандармериянын ага сержанты Сердал Уянык ок өткөрбөс тез жардам менен Шырнак аскердик ооруканасына алып барылды. Бардык аракеттерге карабастан Уянык шейит болду. Ага сержант Уяныктын жаназасы туулган жери Чанкырыга алып барылды.
Шырнак шаар борборунда террористтердин өлтүрүлүшү, казылган чуңкурлардын жабылуусу, курулган баррикадалардын алынышы жана жайгаштырган жарылуучу заттардын тазаланышы үчүн 14 - мартта башталган операциялар улантылууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.