Түркиянын чыгышында террорго каршы операциялар уланууда

Мардиндин Нусайбин районундагы операциялар убагында 1 аскер шейит болду, 6 аскер жаракат алды.

478161
Түркиянын чыгышында террорго каршы операциялар уланууда

Мардиндин Нусайбин районунда колго жасалган жарылуучу заттын жарылышынын себебинен бир аскер шейит болду, 6 аскер жаракат алды.

Жарылуу жикчил террор уюму ПККга мүчө террористтер колдонгон бир үйдү изилдеп жатканда болду.

Террор уюму ПККга карай «жаз тазалоосу» операцияларынын алкагында Чыгыш жана Түштүк чыгыш «Анадолу» аймагында операциялар болсо уланды.

Операцияларда Диярбакырдын Лиже районунда 6, Мардиндин Нусайбин районунда 5, Шырнакта 4 террорист жок кылынды, 1 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Карстын Кагызман районунда жүргүзүлгөн издөө иш-чаралары убагында атышуу болуп 5 террорист жок кылынды.

Шырнактын Улудере районунун Курешин дөбө аймагында болсо тик аскалуу аянтта жүргүзүлгөн операция убагында аскердик бөлүктөрдүн жакындаганын билип калган ПККлык террористтер, шашылыш түрдө үңкүрлөрүн таштай качышты. Террористтер качып бара жатканда үңкүрлөргө жарылуучу заттарды тузак салып кетишти.

Тузактарды жок кылган коопсуздук күчтөрү, орто эсеп менен 100 метр узундуктагы, ичинде 4 бөлмөсү бар үңкүр табышты. Үңкүрлөрдү изилдеген коопсуздук күчтөрү ар түрдүү куралдарды, ок-дарыларды жана жашоо үчүн керектүү материалдарды табышты.

Бир тараптан Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби, өлкөсүнүн террор уюму ПКК менен түздөн-түз байланышы болбогонун айтты.

Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, террор уюму ПКК менен АКШнын ортосунда түздөн-түз байланыш болгону жөнүндөгү айтымдарга сереп салды.

Басма сөз катчысы Кирби: «ПКК лидерлери менен түздөн-түз байланышта эмеспиз. Алар чет өлкөлүк террор уюму»,-деди.



Тектеш кабарлар